Индонезиянын түштүгүндөгү зилзаланын цунами чакыруучу коркунучу болгон жок.

Жабыр тарткандар жана кыйроолор тууралуу маалыматтар да азырынча түшө элек.

Индонезия негизинен Тынч океанындагы оттун очогунан орун алып, бул аймакта жылына 7 см ылдамдык менен аракеттенүүчү актвидүү тектоникалык плиталар жайгашкан. Ошондуктан, сейсмологдор жылына күчү 4 баллдан ашкан 6-7 миңге чейин жер силкинүүлөрдү каттап турушат.

2004-жылы Суматра аралында акыркы 40 жылдын аралыгындагы катуу жер титирөө болуп, ал цунамини чакырган. Андан Инд океанында жайгашкан 12 өлкө жабыркап, 100 миңдеген адамдар каза тапкан.