Кыргызстандын волейбол боюнча курамасы «дүйнө чемпионаты 2018» тандап алуу этабында ийгиликтүү старт алды.

Волейбол федерациясы билдиргендей, 15-сентябрда Чолпон-Атадагы  ден тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде Кыргызстан жана Бангладеш ортосунда биринчи оюн өттү.

Командалар өз ара 2015-жылы апрель айында ойношкон. Анда Кыргызстан 3:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Бул жолу да оюн эсеби өзгөргөн жок.

Биринчи раунд 25:19, экинчи партия 25:16 жана үчүнчү 26:24 менен аяктады.

16-сентябрда Мальдивы жана Бангладеш курамалары ойнойт.

Мелдеш Азия конфедерациясынын борбордук аймактагы мамлекеттердин арасында өткөрүлүп жаткан дүйнө чемпионаты-2018 тандап алуу этабынын алкагында өтүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү