Отурумда КРдин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев төрагалык кылды.
КМШнын 25 жылдык юбилейине туш келген саммитти жогорку деңгээлде өткөрүүгө Кыргызстан колунан келген аракетин жасаганын Эрлан Абылдаев билдирди.
«Силердин аракетиңер менен пландалган 29 ар кыл тармактагы иш-чаралар ишке ашырылды деп айтаар элем. Москвада 8-апрелде КМШ тышкы иштер министрлеринин, 7-июнда КМШ өкмөт башчыларынын жыйыны болуп өттү. Экономикалык кеңештин 3 отуруму, туруктуу өкүлдөрдүн 10 отуруму, КМШ экономикалык кеңешинин алдындагы экономикалык комиссиянын 8 отуруму орун алды» — деди министр.
Ал алдыда жыл аягына чейин ишке ашышы керек болгон салык-каржы изилдөө органдарынын координациялык кеңешинин, эмгек, миграция жана калкты социалдык жактан коргоо консультациялык кеңешинин, өнөр жай коопсуздугунун мамлекеттер аралык кеңешинин, өсүмдүктөрдүн карантини боюнча координациялык кеңештеринин отуруму жана чек ара мекемелеринин башчыларынын регионалдык жыйыны өтүшү керектигин кошумчалады.