Басмакананын директоруна миграция эрежелерин сактабагандыгы үчүн кошумча айыптар тагылууда.

Прокуратура тарабынан берилген маалыматтарда каза болгондордун жашаган жери боюнча каттоодо турбагандыгы, алардын экөө гана шаарда расмий катталганы айкын болду.

Орусиянын башкы прокуратурасынын өкүлү Александр Куреннойдун айтымында, директор 27-августта саат 06:00дөн 14:00гө чейин кыргыз жарандарын эмгек келишимисиз ишке алып жана тийиштүү миграция органдарына билдирүү жөнөтпөй туруп 500-1000 рублдун тегерегинде айлык коюп берген.

Прокуратура Москвинге 30 административдик эреже бузуулар боюнча кылмыш ишин козгоду. Эмгек мыйзамын сактабаганыгы үчүн кошумча 2 айып тагылды.

Буга чейин басмакана ээсине өрт коопсуздугун сактабагандыгы үчүн айыптар тагылып, камакка алынган эле. Көп өтпөй басмакананын башкы инженери камалган. Эскерте кетсек, 27-августта эрте менен басмаканадан өрт чыгып, анда иштеген кыргызстандык 14 жаран каза тапкан.