Грузиянын Тбилиси шаарында өспүрүмдөр арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионаты уланууда.
Бириккен күрөш дүйнөсү билдиргендей, анда 70 кг чейинки салмакта беттешке чыккан Айпери Медет кызы Украина, Швеция, Литвадан келген балбандарды жеңип, дароо финалга өтө алды.
Алтын үчүн болгон күрөштө Айпери жапониялык Ясуха Матсуюки менен күрөшүп 7:2 эсебинде жеңилди.
Жыйынтыгында балбан кыз күмүш тагынды.
Дагы бир кыргызстандык балбан Назира Марсбек кызы аталган чемпионатта 52 кг салмактык категорияда күч сынашты.
Алгачкы турнирде ал грекиялык Мария Николаидени 9:3 эсебинде жеңип, 1/8 финалда өзбекстандык Ходича Нажимованы 3:0 менен утту.
1/4 финалда Назира Марсбек кызы жапониялык Харуно Кунону жеңе албай жубатуучу турнирде италиялык Кармен Ди Диону 6:4 эсебинде артка калтырды.
Ошентип коло үчүн болгон беттеште балбан кыз пуэрто- рикалык Ривера Беллиардды 5:4 менен жеңип, медаль тагынды.