Мындай талап менен өздөрүн «7-апрель күчтөрү» коомдук бирикме деп атаган активисттер маалымат жыйын өткөрдү.

Бирикменин мүчөсү Чынара Жамгырчиева айткандай, Бүбү Мариям жазган вариант экстремисттик деп мүнөздө.

«Китепте эпос өзгөртүлүп жазылган. Бул менен ал Кыргызстандын тарыхына доо кетирип жатат. Мисалы кыргыздар калмактар менен согушкан. Анын вариантында болсо алар эрдик кылгандай жазылган. Анысы аз келгенсип, депутат демөөрчү болуптур. Буга байланыштуу Иманалиевди, Бүбү Мариямды, китеп чыккан типографиянын башчысы Жумидин Кадыровду өлкөдөн кууп чыгууну талап кылабыз», — дейт ал.

Кыргызстандагы адабиятчы илимпоздор, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү Бүбү Мариям өткөргүч болуп Жайсаң Үмөт уулунун арбагы аркылуу жазылган делген 10 томдук “Айкөл Манас” дастанын буурмаланган деп айыптаган. Ошол эле учурда аны жактагандар да болгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү