Сокулук районунун 48 жаштагы тургуну баңгизат кармап жүргөндүгү тууралуу маалымат ИИМге келип түшкөн.

ИИМдин мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери алынган маалыматтын негизинде кылмышка шектүү Комсомолка айылынын тургуну  Т.Ю.нун үйүндө тинтүү жүргүзүшкөн.

Жыйынтыгында 31 полиетилендик каптан баңгизат табылган. Анын жалпы салмагы  1 тонна 170 килограмм 776 грамм болгон.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү 3 жолу тентектик, уурулук, мыйзамсыз баңгизат сактоо жана колдонуу боюнча соттолгон. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыркы учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.

 

Бөлүшүү