16-сентябрга карата республика облусттарында дан жана чанактуу дан эгиндери, жашылча, картөшкө, бахча, май өсүмдүктөрү, тамеки, кант кызылча өсүмдүктөрүн жыйноо иштери кызуу жүрүүдө.
Айыл чарба министирлиги билдиргендей, түшүм жыйноо иштери бүтө элек.
Быйыл республика боюнча 625,5 миң гектар айдоо жерлерине дан өсүмдүктөрү себилген. Бул былтыркыга караганда 11,5 % көбүрөөк. Түшүмдүн 78% жыйналып бүттү. Бул жалпы 490,7 % түзөт.
Кылкандуу дан эгиндери (буудай, арпа, жүгөрү) эң көп Чүй облусунда айдалып, чогултулган.
Жашылча өсүмдүктөрүнөн жалпы 82,2 миң гектар аянка айдалган. Анын 33,6 % жыйналды . Бул былтыркыга салыштырмалуу 27 % көп.
Картөшкөнүн эң көп жыйнала турган аянты Ысык-көл облусунда катталган (26,5 миң гектар). Анын азыркы учурга 8,7% чогултулуп бүттү. Бардыгы республика боюнча 439 миң тонна картөшкө жыйналса, анын 65 % Ош облусуна тиешелүү.
Республика боюнча быйыл жалпы 16,6 миң гектар аянтка пахта, кант кызылчасы 11,3 миң гектар, ал эми май өсүмдүк 38,3 миң гектар жерге айдалган.
Анын ичинен Ош жана Чүй аймагынын дыйкандары май өсүмдүктөрүн ал эми Жалал-Абад облусунда пахта көбүрөөк айдалган. Бирок түшүм чогултуу иштери жаңы эле башталгандыктан, так маалыматты айтууга азырынча мүмкүн эмес экенин министрлик билдирди.