Кечээ түнү Ленинград жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндөн жарылгыч зат табылган.

Ал өз убагында ИИМге кабарланып, Бишкек ШИИБнин (Шаардык ички иштер башкармалыгы) кызматкерлери аталган дарекке жете келишип, жарылуунун алдын алышкан.

ШИИБнин басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев Saat.kgге билдиргендей, мина салынган баштыкты белгисиз бирөөлөр таштап кеткен. Ал этияттык менен дүкөндөн чыгарылып, жарылуу жана жабыр тарткандар болгон эмес.

Табылган мина УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.