Бийлик активдерди кайтаруу үчүн Кытай элдик банкы жана чет өлкөлүк укук коргоо органдары менен тыгыз иштешет.

Алар качкын коррупционерлерди колго түшүрүү, алардын активдерин сактап жана кайра өлкөгө кайтаруу үчүн, чет өлкөлүк кесиптештерине чалгындоо маалыматтарын берип турат.

Качууда жүргөн жемкорлор менен алектене турган кытайлык адистердин 30дай тобу чет өлкөдө иш алып барууда. Жакын арада Европа жана Латын Америкада жүргөн коррупционерлер өлкөгө кайтарылат.

Быйыл Кытайдын коомдук коопсуздук министрлиги тарабынан издөөдө жүргөн, жемкорлукка шектелген адамдарды колго түшүрүү боюнча программа иштелип чыккан. Августтун жарымына карата жыйынтыкта атайын операциянын негизинде издөөдө жүргөн жана  жашырынып жүргөн 409 жаран кармалган.