Парламенттеги отурумда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков мигранттардын укугун коргоо боюнча көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, басмаканадагы өрттөн каза болгон кыздардын иши боюнча Москвада 30 кылмыш иши козголгон. Ошондой эле аталган ишти учурда 20 кишиден турган тергөөчүлөрдун тобу иликтеп жатат. Топту Москва шаарынын тергөө башкармалыгынын башчысы жетектөөдө.

«КРдин ИИМнин Москвадагы өкүлчүлүгү, элчилик жана мамлекеттик миграция кызматы тергөө амалдары менен тыгыз байланышта иш алып барууда» — дейт Жээнбеков.

27-августта «Печатный экспресс» басмаканасында өрт чыгып, анда иштеген 14 кыргыз жараны каза болгон.

Бөлүшүү