Каза болгон жаш балдардын орточо жашы 6-9 жаш арасы.

Бул тууралуу парламенттин отурумунда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

Анын айтуусу боюнча жол кырсыгынан каза болгон жаш балдардын өлүмү бардык региондордо көбөйүп, саны 40%на өскөн.

«Бүгүнкү күндө биз билим жана илим министрлиги менен иштешип, мектептерде жол кыймылы тууралуу лекцияларды окуп жатабыз. Ал эми өлүмдөрдүн жалпы саны боюнча жаш балдардын 23%зы ата-энелери менен кошо каза табышкан», — деди ИИМ министри.