Чет өлкөлөрдө иштеп жаткан кыргыз эмгек мигранттары жаатында негизги үч көйгөйлүү маселе бар.

Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков парламенттик жыйында билдирди.

Анын айтымында, эӊ башкы көйгөй – эмгек мигранттары менен жумуш берүүчүлөрдүн ортосундагы эмгек келишиминин жоктугу.

«Биздин жарандарыбыз жумуш берүүчү жак менен эмгек келишимин түзбөй эле иштей беришет. Ошондон улам, келишим жок болгондуктан, жумуш берүүчүлөр алардын эмгек акысын төлөбөй койгон учурлар арбын. Андын сырткары, эмгек мигранттарынын «кара тизмеси» да көптөгөн тоскоолдуктарды жаратууда», — дейт өкмөт башчы.

Премьер-министр 2016-жылдын биринчи жарымында эле 119 миӊ жаран «кара тизмеге» кирип калганын, ал эми 2014-2016-жылдар аралыгында өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 54 миӊ эмгек мигранты «кара тизмеден» чыгарылганын белгиледи.

Жогорку Кеӊеште бир катар маанилүү маселелер боюнча өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматты талкуулоо жолжоболору улантылууда.