«Buffet» ашканасы Бишкектеги заманбап ашканалардын бири.
Ашкана 24 саат бою кардарларын 50дөн ашык даамдуу жана эң эле арзан тамактардын түрлөрү менен тейлейт.
Аны ачкан жаш ишкерлер Бишкекте мындай чакан, арзан, порция өлчөмү берекелүү, тамактары даамдуу, мыкты ашпозчулардын колунан жаралган ашкананын жок экенин белгилешет.
Ошондой эле тамактануу жайында таза, адептүү, маданияттуу, сылык кызматкерлер иш алып барышат.
Ашканада 150 адам бир учурда тамактана алат. Эрте мененки тамак 50 сомдон жана түшкү, кечки тамактар 70-80 сомдон башталат. Андан сырткары кызмат көрсөтүүнүн ичине Wi-Fi жана ашкана тарабынан тартууланган даамдуу чай кирет.
Даректери: Buffet №1 Алмата жана Горький көчөлөрүнүн кесилиши, «Техно Парк» соода борборунун имараты. Buffet №2 Чүй проспекти менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилиши.
www.buffet.kg
FB @buffetbishkek
Instagram @buffetbishkek