Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго таандык жерлер борбор калаада эмес, Чүй облсунун аймактарында жайгашкан.

Өзүнүн айтуусу боюнча, ага таандык 29 жер тилкесинин баары айдоо жерлер.

«Бул жерлерди мурун эле бөлүштүрүү жана менчиктештирүү убагында сатып алганбыз. Ошол маалда сатып жаткандардан алганбыз» — дейт ал.

Мамлекеттик кадр кызматы Албек Ибраимовдун кирешелери жөнүндө декларацияны жарыялаганда, ал аянты 1,5 гектардан 7 гектарга чейин 29 жер тилкесине ээлик кылат экени маалым болду. Ошондой эле декларацияда анын 33 млн сом тапканы жазылган.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин билдирүүсү боюнча 2015-жылдын 12-майында Ибраимов 2,7 гектар жерди Алмазбек Атабаевге 33 млн сомго саткан.

Буга чейин маалымат жыйында «Ата Мекен» фракциясынын лидери  Өмүрбек Текебаев президентти «Дастан» ишканасына таандык жерди тартып алып, үй салып жатат деп айыптаган. Аталган жер мэрдин жубайы Айнура Ибраимовага тиешелүү болуп, өткөн жылы Атамбаевге сатылганын айтып чыккан.