Авария Алма-Атинская көчөсүндө Форум дүкөнүнүн жанынан болду.
Бул маалыматты укук коргоо органдарынын кызматкерлери кабарлашты.
Милициянын билдирмесине ылайык, кечээ болжолу саат 21:23тө тез жардам кызматына чакыруу келип түшкөн.
«Окуя болгон жерге дароо 3 тез жардам унасы барды. Авариянын кесепетинен 7 адам жабыркап, бир аялды оор абалда ооруканага жеткиришти, жабыр тарткандардын арасында балдар жок”,- дейт.