Кыргызстан өспүрүмдөр курамасы (U-16) Азия чемпионатында плей-оффко чыга алган жок.

Вьетнамдан Кыргызстан 3:1 эсебинде утулду. Жалгыз голду атаандашынын дарбазасына 6-мүнөттө Гүлжигит Алыкулов киргизди.

Мелдештин алгачкы турунда Кыргызстан Австралия менен ойноп 1:0 эсебинде жеңишке жеткен. Экинчи оюн Жапония менен болуп курама 0:8 менен жеңилген.

Кыргызстан бул чемпионатта өз мелдештерин аяктады.

Бөлүшүү