999ААА унаа номери үчүн кардар 282 миң сом 4 100 доллар берди.

Бул маалымат онлайн соода жүрүп жаткан сайтта кабарланууда.

Аукционго 10 адам катышып, арасынан төртөө соода жүргүздү. Баштапкы баа 40 миң сомду түзгөн. Азырынча бул номер эң кымбат номерлердин сап башында турат. Андан кийин эле 180 миң сом болуп бааланган 888ААА номуру келе жатат.

Эскерте кетсек, мамлекеттик каттоо кызматы 1-июндан тарта жаңы комплект мамлекеттик номерлерди бере баштаган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү