Бул суроону “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулунан шайлоочулары сурап жатканын ЖК жыйынында билдирди.
Ал кыш жакындап келатканын эске алып, шайлоочулар кабатыр болуп жатканын айтты.
“Бир бол” фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов 19-20-сентябрда Транспорт, коммуникациялар боюнча комитети Ош облусунун Өзгөн, Ноокат жана Баткен облусунун Кадамжай райондорун кыдырып, шайлоочулар менен жолугушкандыгын жана анда көтөрүлгөн көйгөйлөргө токтолду.
Депутаттын айтымында, шайлоочулар элетр энергиясына болгон баалар, тагыраак айтканда, бүгүнкү баа Токтогул ГЭСинде суу аз кезинде импорттун негизинде коюлганын, эми суу сактагычта суу толгондугун, электр кубатынын баасын төмөндөтүү же социалдык колдонууга далген 700 кВатты 1000 кВатка чейин көтөрүү маселесин коюшкан.