Адистердин кеңеши менен жана Орусия тараптын чакыруусу менен президент бүгүн Москвадагы борбордук клиникалык ооруканага келди.

Ал жердеги дарыгерлер буга чейин президенттин жүрөк оорусун текшерип жана дарылап келишкен.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев 19-сентябрда Нью-Йоркко учуп бара жатып ден соолугу начарлап, дарыгерлердин жардамына муктаж болгон.

Ошондой эле ал 20-сентябрдан тарта кыска өргүү алганы белгилүү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү