«Түндүк электро» ишканасы августта «акылдуу эсептегичтерди» орнотуп баштаган.

Бүгүнкү күнгө карата Чүй облусуна 16 миң 567 даана жана Талас облусуна 1 миң 733 даана  электр энергиясынын «акылдуу эсептегичин» коюп жетишкен. Бул приборлор биринчи кезекте электр энергиясын көп өлчөмдө колдонуучуларга коюлат.

Ишкананын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган облустарга 54 миң 425 GSM стандартынын модулдук байланышы бар, үч фазалуу электр эсептегичтери коюлган.

 «Акылдуу эсептегичтер» — «Түндүк электронун» серверине автоматтык түрдө реалдуу убакыттагы көрсөтмөнү бере алат. Чектелген кубаттан өтүп кеткенде, ошондой эле дебитордук төлөм көбөйүп кеткенде автоматтык түрдө өчүрүлүп, каражат төлөнгөндөн кийин өзү күйөт.

Ал өз кезегинде үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылып, жемкорлукка бөгөт коёт экенин билдирет.

Бөлүшүү