Мелдеш Казакстанда өтүп анда кыргыз оор атлеттери эки салмактык категорияда күч сынашты.

Спорт агенттигинин берген маалыматына ылайык, өспүрүмдөр арасындагы турнирде 2 күмүш Азиза Адылбек кызы жана Раушан Чолпонбек кызы, ал эми коло медалды Авазбек Мамасалы уулу, Данияр Ысманов жана Акмарал Асанбек кызы тагынышты.

Ал эми жаш өспүрүмдөр курамасында Искендер Саламатов алтын, Аскат Анардин күмүш жана Азат Таштанбеков коло медалга ээ болушту.

Ошондой эле Азиза Адылбек кызы жана Раушан Чолпонбек кызы эл аралык даражадагы спорт чебери наамын алышты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү