«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова Конституцияны тууралуу тегерек столдо азыркы парламенттин мыйзам боюнча Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө укугу жок экенин айтты.

Анын айтымында, мамлекеттик кызматкер, саясатчылар мыйзамга жооп бербеген аракеттерди жасаганда кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

«Конституцияны өзгөртүү демилгечилеринин арысындагы юристтер мага кызык болуп жатат. Конституцияда жазылгандай, мыйзамга ылайык гана Конституцияны өзгөртүүгө болот. Биз мыйзам менен мыйзам долбоорун айырмалай билишибиз керек», — дейт ал.

Бөлүшүү