Новосибирск облусунун россельхознадзор башкаруусу 49, 057 тонна продукциясын Орусияга өткөргөн жок.

Анда Казакстан пиязынын документи жасалма, ал эми калемпир, коон, картөшкө ошондой эле Кыргызстанкара өрүгү, ит мурун, жаңгак жана ачуу калемпирлердин тиешелүү фитосанитардык коопсуздук документи жок болгон.

«Фитосанитардык коопсуздук коркунучунан улам жүк кайрадан Казакстан жана Кыргызстанга кайтарылып берилди»,- деп айтылат rshn-nso.ru сайтында.