Болжолдонуп жаткандай эле алар өрт учурунда кулаган чатырдын астында иштеп жатып каза болушкан.

Орусия ӨКМ билдиргендей, алар өрт чыккан жерге биринчилерден болуп келишкен. Кампанын 100дөн ашуун кызматкерин сыртка чыгарышкан. Күйүктөн чатыр кулай баштаганда башка кесиптештерин ылдый түшүрүп, өздөрү ошол жерде калышкан болчу.

Кечээ кечинде Москванын чыгышындагы Амур көчөсүндөгү пластик чыгарган ишкананын кампасында өрт чыккан. Тилсиз жоону өчүрүүгө 160 куткаруучу катышып, 46 техника колдонулган. Эрте менен өрт өчүрүлүп, 8 өрт кызматкери дайынсыз болуп жаткан.

Аталган кырсык боюнча кылмыш иши козголду. Анын кыска чыңалуудан улам же өрт коопсуздугун сактабагандыктан келип чыккандыгы болжолдонууда.

Бөлүшүү