21-сентябрда Шабдан Баатыр көчөсүндө №138 кичи автобус тоголонуп, 9 адам жабыр тарткан.

Анын арасынан колу жанчылып калгандыктан, бир кыздын колун кесүүгө туура келген.

Бишкек ШИИБнин saat.kgге берген маалыматына ылайык, айдоочу кече кечинде камакка алынды.

«Ал азыр убактылуу кармоочу жайда. Ага кылмыш иши козголду. Анын 2 жылдык гана айдоочулук тажрыйбасы бар экендиги белгилүү болду»,- деп билдиришти.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү