Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде Шри-Ланка өлкөсү тарткан тасманын дүйнөлүк премьерасы Алматы шаарында болот.
Ал «Евразия» кинофестивалынын конкурстан сырткаркы «Панорама» программасынын алкагында көргөзүлөт. Фестиваль 24-30-сентябрга чейин болот. Ал эми «Биринчи мугалим» тасмасы 25-сентябрга белгиленген.
98 минуталык кино сингал тилинде (Шри-Ланка элинин тили). Ошондой эле ал англис, орус тилдеринде субтитр менен коштолгон.
Фильмдин синопсисинен улам, Айтматовдун повестиндеги окуялар бир аз өзгөртүлүп, өзөгү өзгөрүүсүз сакталганы байкалат.