Өкмөт башчы ур-токмокко алына турган жаш бала болбошу керек.

Мындай оюн экс-вице-премьер-министр Токон Мамытов Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу тегерек столдо айтты.

«Мен өкмөт башчынын ыйгарым укугун кеңейтүүнү колдойм. Бирок кээ бир жак Атамбаев өзү ошол кызматка барат деген божомолдорун айтып жатат. Президент бир эмес эки жолу расмий түрдө ал кызматка барбай турганын жарыялады. Азыркы учурда бизде премьер-министр ким? Ал ур-токмокко ала турган жаш баладай. Ар бир тың депутат ага келип өзүнүн айылына мектеп же арык куруп берүүнү талап кылат», — дейт ал.

Мамытов депутат кезинде ага көп жаран бул маселе боюнча кайрылган.

«Мен депутат болуп жүргөндө эл Баш мыйзамга өзгөртүү киргизгиле деп кайрылышкан. Бир нече жолу мыйзам долбоорлорду иштеп чыкканбыз. Бирок президент четке каккан. Азыр убакыт келди деп ойлом. Эл чечсин», — деди Мамытов.