«Жерүй» алтын кенин иштетүү боюнча сатылган лицензиянын каражаты Балыкчы-Корумду жолун курууга жумшала турган болду.

Бул тууралуу каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаев “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын отурумунда билдирди.

Бул каражат Кыргызстанга мектеп курууга керектелмек. Бакетаевдин айтымында, бул каражатты толтуруп, мектептерди курууга да жумшалат.

Фракциянын лидери Бакыт Төрөбаев өкмөттү сындады.

“Көчмөндөр оюндарына чейин жолду бүтүрүү керек болгондо түшүнөт элем, бизде мектеп жетишсиз болуп жатканда мындай кадам туура эмес”, — дейт ал.

Бөлүшүү