Бүгүн Өзбекстандын чек ара кызматынын өкүлчүлүгү КРдин чек ара кызматына өтүнүч менен кайрылды.

Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, кайрылууда өзбек тарап Кыргызстандын аба чек арасынан тик учак менен кирип чыгууга уруксат сураган.

Өзбекстандын чек ара кызматынын билдирүүсү боюнча, Сох анклавында (Өзбекстан) аскер кызматкери жол кырсыгынан жабыркап, өтө оор абалда турат. Тик учак кирип жарадар болгонду алып кетери айтылат.

Мындан улам Кыргызстан тараптан макулдашылган маршрут боюнча анклавга кирип чыгууга уруксат берилди.

Бөлүшүү