КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева Кыргызстандын экономикасынын 37%ы көлөкөдө, бюджеттен 2, 1 млрд сом түшө турганын белгиледи.

ЖКнын бюджет жана каржы комитети быйылкы жылдын бюджети тууралуу маалымат укту.

“Каржы министри Касымалиев бизге бюджеттен түшкөн каражат тууралуу маалымат берди. Мен министрликтин кризиске каршы программасы менен тааныш эмесмин. Бирок ишти жакшыртуу үчүн салык жана бажы кызматын башкаруу керек деген сунуш айтат элем”, — дейт ал.

Мындан тышкары парламент Кыргызстан бажы биримдигине киргенден кийинки жыйынтыкты берүү сунушун айтышты.

“ММКларда ата мекендик азык-түлүктөр чек арадан өтпөй жатат деген маалыматтар чыгууда. Келгиле жыйынтык берип, бажы биримдигине киргендин оң жана терс жактарын баалап көрөлү. Бюждет комитети жана эл аралык комитет биримдиктеги өлкөлөр менен азык-түлүктү өткөрүү боюнча сүйлөшүү жүргүзөлү ”, — дейт эл өкүлү.