Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

«Бул менин адамдык парзым. Анткени сиздин амириңиз менен 2 жылга жетпеген убакытта элчилик кызматымды ырахаттануу менен аткарып келдим. Сиз берген мүмкүнчүлүк жеке жашоомо да көптөн күткөн бакыт тартуулап, 20 жылга жакын күтүп келген наристе кызым ошол Малайзияда жарык дүйнөгө келди. Бул бактым үчүн кудайга, анан сизге чексиз ыраазымын. Бирок акыркы кездерде мамлекет башчысы, саясатчы катары жасаган аракеттериңизге мекенимдин жараны катары макул боло алган жокмун. Адам катары сизден дагы бир жолу кечирим сурайм. Оорубаңыз, менин Урматтуу Президентим»,- деген экс- элчи Кылычбек Султанов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү