Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгына тынчсызданып кат жөнөттү.

«Сиздин сыркоолоп, ооруканага жатып калганыңыз тууралуу кабарды өтө тынчсыздануу менен кабыл алдым. Сиздин тез арада сакайып кетишиңизге тилектештигимди билдирем», — деп айтылат катта.

 Атамбаев 19-сентябрда Нью-Йоркто өтүүчү БУУнун башкы ассамблеясынын сессиясына баратып, Стамбулдан өзүн жаман сезип, аны тез жардам алып кеткен. Андан соң Түркиянын Измир шаарындагы мейманканалардын бирине жайгашкан. Ал эми 23-сентябрда өлкө башчысы ден соолугун чыңдоо үчүн Москва шаарына учуп келген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү