Жазуучу, активист жана журналист Нахед Хаттарды белгисиз бирөө 3 жолу башка аткан.
Иорданиядагы сот имаратынын жанынан атылган жазуучу алган жаракаттарынан улам, ошол жерде жан берген.
Буга чейин ал улуттар аралык араздашууга жол ачкандыгы жана карикатура жасап мусулмандарды шылдыңга алганы үчүн жоопко тартылган эле. Анын карикатурасы Аллага акаарат келтирүүчү катары бааланган. Сүрөттө эки аялдын жанында ИШИМ (ИГИЛ) согушчулу кудайдан суу сурап жатканы тартылган болчу.
Хаттар сентябрда үй камагына чыгарылган. Ал камакта болгон учурда бир нече жолу радикал исламчылдар тарабынан коркутуулардын болгону айтылат.
карикатура

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү