Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Чүй облусунда 34 миң 366 бөтөлкө  контрафактык алкоголдук продукцияны тартып алышты.

Чүй облусунун Сокулук районундагы жол-кайгуул милициясынын унаажол постунда жүк ташуучу автоунаа токтотулган.

Бул автоунаанын жүк жүктөөчү бөлүгүндө “АЮ” ЖЧК өндүргөн жалпы саны 34 миң 366 бөтөлкөдөн турган алкоголдук продукция табылып, алардын ичинен 29 миң 350 бөтөлкөгө жасалма акциздик маркалар чапталган.

Мындан сырткары, юстиция министрлигине караштуу сот эксперизаларынын мамлекеттик борборунун кызматкерлери тарабынан изилдөө жүргүзүү жана корутундусун берүү үчүн үлгүлөрү тандалып алынды.

Бул иш боюнча материалдар ЭККМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүндө кароодо жатат жана экспертизанан жыйынтыктары алынгандан кийин тиешелүү чаралар кабыл алынмакчы.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү