«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев азыр жашап жаткан үйүндө 1995-жылдан бери жашайт.

«Мен бул жерге бойдок кезимде көчүп келгем. Андан кийин үйлөндүм. Бул жерден балдарым чоңойду. Бакиевдин убагында 2009-жылы аялыма жаздыртып койгом», — деди ал.

Tekebaev

Депутаттын сөзүнө караганда ал жакында башка үйгө көчөт.

«Бөкөнбаев көчөсүндөгү үйүмдө ремонт жүрүп жатат. Жакын арада ошоло жакка көчүп барабыз деп пландап жатабыз», -деди эл өкүлү.

Бүгүн Текебаев пресс-тур уюштуруп, журналисттерди ага тийиштүү кыймылсыз мүлктөрүн көрсөттү.