Ultimate Fighting Championship (UFC) Валентина Шевченко менен Жулиана Пена (АКШ) ортосунда беттеш уюштурууну чечти.

Мелдеш Нью-Йоркто (АКШ) болот.

“Мен  беттешке макулдугумду берип, расмий келишимге кол койдум. Бирок Джулиана качып жаткандай”, — деп жазган Шевченко өзүнүн фейсбук баракчасына.

Валентина Шевченконун UFCтеги алгачкы беттеши экс-чемпион канадалык Сара Кауфманга каршы болгон. Анда Шевченко жеңишке жетсе, экинчи беттеште Аманда Нуньестен утулуп калган.

Үчүнчү беттешин ал 24-июлда 61,5 салмактык категорияда UFC on Fox 20 мелдешинин алкагында дүйнөнүн экс-чемпиону Холли Холмго каршы өткөргөн.

Жеңиштен соң 4 позицияга өйдө көтөрүлүп, азыркы учурда дүйнөлүк рейтингде өзүнүн салмактык категориясында 3- орунда келе жатат.

Ал эми Джулина ошол эле тизмеде бешинчи.

Ар бир салмактык категорияда UFC тизмесинде 15 спортчудан туура келет.

Шевченко буга чейин UFCтен Аманда Нуньес менен беттеш уюштурууну суранганы белгилүү.

Бөлүшүү