Абанын булганышынын деңгээли дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) койгон лимиттен ашып өттү.  

Аталган уюм абанын булгануусун спутниктик интерактивдүү карта аркылуу карап, өлчөп чыккан. Анда дүйнөнүн 103 өлкөсүндөгү абага көтөрүлүп чыккан кирлер, ошондой эле абанын булганышына байланышкан оорулар аныкталган. Карта өзүнө 2010-2015-жылдардагы маалыматтарды камтыйт.

«Абанын булганышы дүйнө калкынын аялуу катмарынын өмүрүн алууда. Алар аялдар, балдар жана улгайгандар. Адамзат дени сак болуусу үчүн төрөлгөндөн өлгөнгө чейин таза аба менен дем алышы керек», — деген ДСУ өкүлү Флавия Бустеро.
Уюмдун маалыматы боюнча, 3 млн адамдын өлүмү абанын булгануусуна байланыштуу болгон. Алардын 90 %ы аз жана орто кирешелүү өлкөлөргө тиешелүү.

Азыркы учурда ар бир онунчу адам гана таза абалуу аймакта жашайт. Абасы өтө кир өлкөлөр Жакынкы чыгыш менен Азияда жайгашканы айтылат. 

Бөлүшүү