18 адамдын каза тапканы айтылууда. Арасынан 15 адам куткарылган.

Кырсык Катмандунун түндүк-батышындагы Дхакинг аймагында болгон. Күбөлөрдүн айтымында, автобустун үстүнө батпай калган жүргүнчүлөр жайгашып алган. Ал эми автобус жолдон чыгып, тоонун боору менен учуп 300 метрлик эңкейишке кулап түшкөн.

Жол кырсыгынын эмнеден улам келип чыккандыгы аныктала элек.

Бөлүшүү