М. Алыбаев атындагы орто мектеби кыш мезгилине даярдыгы 100 пайызга жок экендиги аныкталды.
Буга чейин инспекторлор тарабынан бир нече ирээт эскертүүлөр мектеп директоруна жана жергиликтүү бийликке берилип, мектепти кышка даярдап жылуулук киргизүүнү эскертишкен.
Ага карабастан бүгүнкү күнгө чейин мектептин от казаны суук мезгилине даяр эмес. Мектеп директорунун берген маалыматы боюнча, жамаат тараптан жергиликтүү бийликке жана тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрылган. Бирок эч кандай майнап чыкпай келет. Азыркы тапта экотехинспекция, мектептин кышкы мезгилге карата жылуулугун тез арада орнотуу боюнча жергиликтүү бийликке эскертүү берди.