Онлайн аукцион nomer.srs.kg сайтында жүрүп жатат.

9 адам катышууда. Азыркы учурда номердин баасы 1 642 000 сомду түздү. Бул 24 миң доллар.

Буга чейин эң кымбат номер 001ААА 594 миң cомго кеткен.

Аукционго катышуу үчүн алгач жогорудагы сайтга катталуу керек. Андан соң жаккан номерди тандап , арыз толтурулат. Кийинки баскыч ЭлСом электрондук капчыгы аркылуу баштапкы баанын 10% түзгөн кепилдик төгүмдү төлөө керек.

Аталган аукционго унаа ээлери каалаган смартфондон катыша алышат. Каттодон соң катышуучунун уюлдук телефонуна SMS билдирүүлөр келип турат.

Эң чоң сумманы сунуштаган жеңүүчү аталат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү