Акыркы кездери сасык тумоолоп ооруп калган шаар тургундарын көбөйгөнүн байкаса болот.

Саламаттык сактоо министирлигинин берген маалыматына ылайык, жыл сайын бул оорунун туу чокусу ноябрь айынан баштап январдын ортосуна туура келет. Бирок бул жылы эпидемия эрте башталган.

Тумоолоп калганадардын 65% жаш балдар.

Студенттер жана мектеп окууучулары да бир имаратта бир нече саат чогуу жүргөндүктөн оруу жугузуп алуу коркунучу жогору.

Эмне кылуу керек?

Министирлик тарабынан калкты сасык тумоодон эмдөө максатында 69 645 миң даана «Гриппол» вакцинасы алынган.

Азыркы учурда алар мектеп интернаттарына, бала бакчаларга, карылар үйлөрүнө, медицина кызматкерлерине, тез жардам кызматкерлерине, төрөт үйлөрүнүн кызматкерлерине эмдөө жүргүзүү үчүн борбордук ооруканаларга жана үй-бүлө борборлоруна жеткирилди.

Эмдөө биринчиден, сасык тумоонун өтүшүп кетүүсүнөн сактап, курч оорусу бар жарандарга сунушталат. Мезгилдик эмдөөдөн жаш балдар, саламаттык сактоо кызматкерлери, кош бойлуу жана жашы 65 жаштан өткөн жарандар сөзсүз түрдө өтүүсү керек.

Министрлик төмөнкү жөнөкөй эрежелерди сактоо керек экенин эскертет

  • Эң негизгиси эмдөөдөн өтүү керек;
  • Туура тамактанып, зыяндуу адатардан алысыраак болуп, физикалык көнүгүүлөрлдү жасап туруу керек;
  • Эшикке чыгып жатканда мурунга оксолин майын же вазелинди сүйкөө керек. Бул инфекциядан коргойт. Ошондой эле мурун көңдөйүн күнүнө бир-эки жолу чайкап туруу керек;
  • Сасык тумоолоп калган учурда үйдө отуруп, ал эми балдарды мектепке жөнөтпөш керек;
  • Киши көп жүргөн жерлерден алысыраак болуп, жөтөлүп же чүчкүргөндө мурун менен оозду кол менен жабуу шарт;
  • Өзүн-өзү билемдик кылып дарылоо туура эмес;
  • Эгер жаңы төрөлгөн ымыркай сасык тумоолоп калса, анда ал дем алуунун оорлошуна алып келет. Кичинекей балдардын тарамышы түйүлүп, башка ооруларга да алып келет ( гайморит, отиты, пиелонефрит, менингит, стридор жана башка);
  • Эгер оору 2 жумадан ашык уланса ооруканага барып, дарыгерге көрүнүү керек.
Бөлүшүү