Азыркы тапта Анкара Вашингтондон коомдук ишмер Фетхуллах Гүленди өткөрүп берүү боюнча жоопту күтүүдө.

Бул тууралуу Түркиянын юстиция министри Бекир Боздаг билдирди.

«Биз Америка менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Тийиштүү документтер жиберилген. АКШдан билдиришкендей, 1-2 күндүн ичинде алар бизге жообун беришет», — дейт ал.

Анын айтуусу боюнча АКШ экстрадициялоо келишимине ылайык Гүленди алгач камоого алып, анан өткөрүп бериши керек.

16-июлга караган түнү Түркияда аскерий төңкөрүш аракети болуп, 240тан ашуун адам каза таап, 2 миңден ашуун киши жаракат алган. Өлкө бийлиги төңкөрүш аракетине учурда Калифорнияда жашаган оппозиционер, коомдук ишмер Фетхуллах Гүленди күнөөлөп келет. Ал өз кезегинде күнөөнү четке кагууда.
Бөлүшүү