Парламенттик отурумда «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашева мугалимдердин айлык маянасы тууралуу маселени көтөрдү.

Каржы министрлигинин өкүлү айткандай, азыркы учурда мугалимдердин орточо айлыгы бардык кошумчасы менен 14 миң сомду түзөт.

«Минималдуу айлык 6 миң сомду түзсө, жогорку айлыктар 19 миң сом болот. 2017-жылы айлыкты көтөрүү үчүн каржылоо булактарын издеп жатабыз», — дейт.

2011-2015-жылдары айлыктын көбөйүшүнө бюджеттен 6 млрд сом кеткен.

Бөлүшүү