Ноябрга чейин маданият министрлигинин атайын комиссиясы өлкө аймагын кыдырып, элет жергесиндеги эӊ мыкты клубдар менен китепканаларды аныктайт.

Бул тууралуу ЖЖ жыйынында депутаттар тобу тарабынан маданий мекемелерге жеӊилдик берүү максатында иштелип чыккан «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунун концепциясы каралып жатканда маданият министри Түгөлбай Казаков билдирди.

«Ошону менен бирге, бул комиссия өлкө аймагындагы эӊ начар маданият үйү менен китепканаларды да аныктайт. Мындай чаралар элет жеринде түзүлгөн абалды ачыкка чыгарат деген ойдобуз. Ошол сынак жыйынтыгына ылайык, министрлик тарабынан эле жергесиндеги маданий мекемелеринин ишин жандандыруу жана жакшыртуу жаатында атайын программа иштелип чыгат», — дейт министр.

Бөлүшүү