Окуя индейлер жашаган айылда болуп, карынын өрттөлүп жатканы видеого тартылып алынган.

Жергиликтүү прокуратуранын билдирүүсү боюнча, алар кемпирди сыйкырчылыгы үчүн өрттөшкөн. Колдору байланган аялдын үстүнө куураган чырпыктарды таштап, бензин куюп туруп ширеңкенин талын ыргытышканын тургундардын бирөө телефонуна тартып алган.

Окуя болгон айыл телефон байланышы жок, 10 саатта жетүүчү обочороок жерде жайгашкан. Ошондуктан, кылмыш иши 20-сентябрда болсо да, эми гана ачыкка чыгып отурат.

Куралданган полиция индейлер айылына бир нече күн дегенде жетип барган. Окуя болгон жерде кемпирдин күйүктөн кийинки денеси калган. Полициянын болжолдоосунда алар аялды үч күн катары менен өрттөшкөн.

73 жаштагы кары аялдын күнөөсү анын сыйкырчылыгында болгон. Тургундар андан айылдаштарына оору чакырып жатат деп шектенишкен. Өрттөөдөн мурун кадимкидей соттоо болуп, айылдын 40 тургуну кемпирди өлүм жазасына кыйышкан. Андан сырткары, видеого тартып алып жергиликтүү журналган беришкен. Журналдан улам, бул кылмыш бийликке билинип, окуяга далил болуп бере алган.

Бөлүшүү