Кыргызстандык студенттен 200 миң рубль талап кылышкан.

Жабырлануучу жайында акча табуу максатында менеджер болуп ишке кирет. Жумушка эки кызды алып, алар бир күн иштеген соң кетүүнү чечишет. Студент кыздарга бир күндүк иши 2000 рубль берүүдөн баш тартат. Анда кыздар өз тааныштарын чакырып, 6 адам студенти токойго алып барып, тынбай 5 саат сабашкан.

«Алар менден 200 миң рубль сурашты. Мен туугандарыма чалып жатып 20 миң эле таптым”, — дейт жабыр тарткан студент.

«Бардык кылмышка шектүүлөрдү дароо кармашты, азыр аларды иликтөө күтүп жатат»,- деп жазып чыкты newstes.ru