ЖКнын жыйынында “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Урмат Самаев билдирди.
Анын айтымында, жылдан-жалга Кыргызстан аймагындагы токой аянттары кыскарып, жапайы жаныбарлардын саны кескин кыкарууда.
«Тоого жакын айылдардын ар бир экинчи үйүндө мылтык бар. Алардын аӊчылык кылууга уруксаты жок экенине карабастан, каалаган учурда аӊчылык кыла берет. Ошондон улам, бул багытта укук коргоо органдары менен аӊчылык чарбалары биргелишип тиешелүү чараларды көрсө жакшы болор эле. Ал эми өкмөт жаныбарлар менен жаратылышты коргоо боюнча атайын программа иштеп чыгышы керек», — дейт эл өкүлү.