Санариптик Cannon фотоаппаратын, кеңсе жана окуу эмеректерин, керектелүүчү материалдардын 14 түрүн, кеңсе жана компьютердик техника буюмдарын: 30 персоналдык компьютер, 30 ток менен үзгүлтүксүз камсыздандыруучу жабдуу, 3 лазердик көп функционалдуу жабдуу, 3 ноутбук, 3 проектор, бир интерактивдүү доска жардамга берилди.

Бул буюмдар “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоорунун алкагында аталган жогорку окуу жайга каралган жардамдын негизинде сатып алынды.

“Автоунаа студенттерди окуу практикалары өтө турган жерге жеткирүү үчүн керек. Мурда бул максатта автоунааларды ижарага алат элек. Компьютерлер факультеттин бардык кафедраларында, деканатта, бирок көбүнчөсү заманбап электрондук библиотека түзүлө турган китепканада орнотулат. Интерактивдүү доска лекциялар окулуучу жайда орнотулат. Ал мугалимдерге видеоматериалдарды жана башка заманбап технологияларды пайдаланып сабак өтүүгө жардам берет”, факультеттин деканы Бекболсун Акназаров.

Учурда университетке лабораториялык жабдууларды сатып алуу иштери жүргүзүлүүдө.