Бул тууралуу вице-премьер-министр Олег Панкратов кыргыз-жапон форумунда билдирди.
Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосунда экономикалык, гуманитардык жана башка тармактагы байланыш орнотулуп жатат.
«Жапония сапаттуу товарларды чыгарган жактан алдыңкылардан болуп саналат. Сапат аркылуу бизнести ийгиликтүү жүргүзсө болот. Бул боюнча Кыргызстан Жапониядан тажрыйба алыш керек», — дейт ал.